: : Разделы сайта : :
: : Календарь : :
«    Июль 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 
: : Баннеры партнеров : :
Баннер

Обратная связьСвязь с администрацией


:: Из других источников ::
: : Опрос сайта : :
: : Облако тегов : :
: : Популярное : :
Жумгал районунда калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынынаткарылышыбоюнчакоомдукмониторинг (байкоо) жүргүзүлдү
Жумгал районунда калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынынаткарылышыбоюнчакоомдукмониторинг (байкоо) жүргүзүлдү
Жумгал районунда айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын мамлекеттик стандартарынын аткарылышы боюнча коомдук мониторинг жүргүзүлду. Коомдук мониторинг деген бул жөнөкөй адамдар тарабынан мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликтерге кайрылганда көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына байкоо жүргүзүү. Кызматтардын сапатын аныктоо боюнча атайын КР өкмөтунун токтому менен бекитилген кызматтын Стандарты болот.Кызматтын стандартты деген эмне деген суроо жаралышы мүмкүн. Кызматтардын Стандарттарынын көрсөткүчтөрү болуп кызмат көрсөтүүдөгү жарандарга карата түзүлгөн шарттар болуп эсептелинет, мисалы: кардарлар үчүн кезек күтүүдө отурган жерлердин каралганы, арыз же кайрылуу жазууда стол жана отургучтун каралганы, кардарлар учун даараткана барбы же жокпу , ден соолугу чектелген адамдар учун пандус барбы же жокпу, андан тышкары маалымдоо үчүн маалымат такчасы барбы, андагы жайгашкан маалымат элге канчалык денгээлде түшүнүктүү , кызматтын мөөнөтү жана акысы көрсөтүлгөнбү, кызмат көрсөтүү органдын кызматкерлери сылык тейлейби, маалыматты толук жана түшүнүктүү береби. Кызмат алуу үчүн кардар кандай документтерди жана кандай кыймыл аракеттерди жазашы кереги так жазылып жана түшүндүрүлүшү абзел.
Мониторинг үч жол менен өткөрүлдү. Биринчиси контролдук сатып алуу (кызматтын абалын текшерүү үчүн кардар катары барып өз көзү менен байкоо жургузуу), экинчиси фокус-топтор менен баарлашуу жана кызматтарды алган жарандарды сурамжылоо жүргүзүү.
Бул иш чара Кыргыз Республикасынынын өкмөтүнүн Аппаратынын тапшырмасы боюнча БУУөПнын(ПРООН) “Потенциалды өстүрүү механизмдери” долбооруунун колдоосу менен Коомдук технологиялардын борбору аркылуу өлкө аймагында ишке ашып жатат.
Чаек айыл өкмөтүндө бир нече кызмат мониторинг менен камтылды, мисалы:
1.жарандарга турак-жай куруу үчүн жер тилкесин берүүбоюнча кызматы;
2. Жумгал райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунда медициналык-санитардык жардам кызматы, оорунун диагностикасын аныктоо жана дарылоо иш чараларын жүргүзүү кызматтары;
3.Жумгал райондук жарандарга паспорт жана ID карт берүү кызматы;
4. Жумгал райондук жарандардын никесин каттоо кызматы (ЗАГС).


Жыйынтыгында, бул мекемелерде мамлекеттик стандарттардын аткарылбай жаткандыгы аныкталды. Бул кызматтар боюнчатөмөндөгүлөр аныкталды:
Жарандарга турак-жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча
- Контролдук сатып алуу жүргүзүүдо 28 суроого оӊ жооп 3, терс жооп 25 болду. Терс жооптордун коп болушунун себеби:Чаек айыл өкмөтүнүн имаратына кире турган тепкичте пандус, кармагычтар жок; турак-жай куруу үчүн жер тилкесин алуунун шарттары жөнүндө маалыматтар илинген эмес; жер жок деген жоопту берилип маселе чечилбеген бойдон калгандыгы.
- Аталган кызмат боюнча кызыктар адамдар менен баарлашканда жана сурамжылоо жүргүзгөндө, жер тилкесин алуу боюнча маселе чечилбей жатканын жана аны чечүү боюнча Чаек айыл өкмөтү тарабынан аракеттер жок экенин айтышты. Бул маселе боюнча кардарлардын кандайдыр бир деӊгээлде кыжырлануусу бар экендиги байкалды.
Жумгал райондукүй-бүлөлүк медициналык борборунда медициналык-санитардык жардам кызматы, оорунун диагностикасын аныктоо жана дарылоо иш чараларын жүргүзүү кызматтары боюнча төмөндөгүлөр аныкталды:
- Контролдук сатып алуу жүргүзүү боюнча 28 суроого оӊ жооп 18, терс жооп 9 болду. Терс жооптордун себеби: кары картан, жана майыптар учун 2 кабатка чыгуу көйгөйү, врачтардын жоктугу, орой мамилеси, диагнозду туура аныктабагандыгы, даттануу китепчеси жоктугу болду.

Ошондой эле дарыгердин кайдыгерлиги, диагнозу аныкталбагандыгы, толук дарылоо болбой, Бишкекке бар дегендиги, тишти дарылатууда бааларынын кымбаттыгы 1 тишти дарылатуу үчүн 1000 сомго чейин чыгым болгондугу жана квитанция бербегендиги, тез жардам кызматы чакырык үчүн күйүүчү май сурагандыгы, болбосо барбай тургандыгы. Ал эми бул кызматтын бир кардары “Айрым дарыгерлердин барынан жогу жакшы” –деди.
Жумгал райондук жарандарга паспорт жана ID карт берүү кызматы боюнча төмөндөгүлөр аныкталды:
- Контролдук сатып алуу жүргүзүү боюнча 28 суроого оӊ жооп 20, терс жооп 8 болду. Терс жооптордун себеби санитардык-гигениялык шарттардын жоктугу, пандус жоктугу жана чектелген мөөнөттөн көбүрөөк күткөндүгү.
- Аталган кызмат боюнча кызыктар адамдар менен баарлашканда жана сурамжылоо жүргүзгөндө, көпчүлүгү бул кызматтын тейлөөсүнө толук канааттанбай турганын айтышты. Себеби: мөөнөтүнөн көп убакыт күтүү, акысын төлөөүчүн Банкка барууга туура келерин, айылдан келгендер жол кире жана убакыттары кете турганын жана бир нече жолу келе турганын, ошондой эле кээ бир адамдар келе албагандыктан ортомчулардын кызматына мажбур болуп, мыйзамсыз төлөмдөрдү төлөөгө туура келгендигин айтышты.
Жумгал райондук жарандардын никесин каттоо кызматы (ЗАГС) боюнча төмөндөгүлөр аныкталды:
- Контролдук сатып алуу жүргүзүү боюнча 28 суроого оӊ жооп 16, терс жооп 12 болду. Терс жооптордун себеби негизинен ЗАГС жайгашкан жерине байланыштуу, санитардык-гигениялык шарттар жок (туалет), пандустун жоктугу, бир эле бөлмөдө 2 кызматчы бир убакытта ар башка кардарларды кабыл алып, жарандардын үй-бүлөлүк сырларынын жашыруундуулугу сакталбагандыгы.
- сурамжылоо жүргүзгөндө, көпчүлүгү бул кызматтын тейлөөсүнө канааттана турганын айтышты. Бирок, айрым сурамжылоого катышкан жарандар мыйзамсыз кошумча акча төлөгөндөрүн айтышты.
Мониторингдин жыйынтыгы болуп ушул аныкталган көгөйлөрдү коомдук талкууго алып, мамлекеттик органдар менен биргелешип талкуулап, чечуу жолдорун аныктап, кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында кызмат көрсөтүүчү органдарга конкреттүү сунуштарды берип жардам берүү болуп саналат.


  • Раздел: --- |
  • Автор: admin